Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов дүйнө биринчилигинин финалына чыкты
29 июль

Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов дүйнө биринчилигинин финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн 17 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинин (U-17) финалына чыкты.

Ал 55 кг салмак категориясында өлкө намысын коргоп жатат. Алтын байге үчүн болгон чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Нурали Аскар менен күрөшөт.

Эске салсак, Альхам Абдирасулов кечээ, 28-июлда индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, турнирдин финалына жолдомо алган.

Финалдык беттештер бүгүн, 29-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.