Лейлекте заманбап спорт комплекси курулду
29 июль

Лейлекте заманбап спорт комплекси курулду

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында заманбап спорт комплексинин курулушу аяктады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Жалпы аянты 335,2 м2 болгон спорт объектисинде спорт менен машыгуу үчүн жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен 17 млн 100 миң сомго курулду.