«Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Эл аралык спорттук оюндарда байгелүү орундарды алышты
13 сентябрь

«Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Эл аралык спорттук оюндарда байгелүү орундарды алышты

Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорттук оюндарынын алкагында «Олимп» ОРАБӨМдүн спортчулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, пляж күрөшү боюнча төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:

  • Манченко Рудольф – 1-орун;
  • Глушко Павел – 3-орун;
  • Кубанычбек уулу Артур – 3-орун.

Оюндардын программасына эркектер жана аялдар арасында кеңири тараган жана  жеткиликтүү спорттун түрлөрү кирди: жеңил атлетика, күрөш, пляж спорт түрлөрү, командалык дисциплиналар жана башкалар.

Мелдештерге КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн мыкты спортчулары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чеберчилигин жана жеңишке болгон эркин көрсөтүштү.