Кыргызстандык спортчулар Россиядагы эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты
12 октябрь

Кыргызстандык спортчулар Россиядагы эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты

Кыргызстандын комплекстүү жекеме-жеке урушу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кызматкерлери арасында өткөн эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди. 

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын бирөө күмүш жана алтоо коло.

Күмүш медаль ээси: 

  • Өмүрбек Аширбеков (65 кг),

Коло медаль ээлери:

  • Бекназар Азаматов (60 кг),
  • Азамат Жумаков (70 кг),
  • Марлен Жеңишбек уулу (75 кг),
  • Давлет Канатбеков (80 кг),
  • Эгемберди Жекшенбек уулу (85 кг) ,
  • Манас Каразаков (90 кг).

Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыкты.

Курама команда башкы машыктыруучу Ниязали Усмановдун жана федерация президенти Улан Махмудовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.