Кыргызстандык калыстар АФКнын элиталык калыстары үчүн семинарына катышты
Кыргызстандын ФИФА калыстары Азия футбол конфедерациясынын элиталык калыстары үчүн уюштурулган семинарга катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Иш-чара Катардын Доха шаарында жана Түштүк Кореянын Сеул шаарында өтүп, ага бир нече кыргызстандык калыстар чакырылды.
Алар:
- Нурзат Абдыкадыров,
- Зайниддин Алимов,
- Санжар Жакыпбеков,
- Медербек Тайчиев,
- Вероника Бернацкая.
Семинардын жүрүшүндө теориялык сабактар менен катар практикалык машыгуулар өткөрүлүп, анын соңунда катышуучулар физикалык даярдыгын текшерүү үчүн атайын фитнес тест тапшырышты. Бул семинар ата-мекендик калыстары үчүн чоң мааниге ээ болуп, алардын эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасын арттырууга жардам берди.
