Кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт
Бишкекте 7-ноябрда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.
Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:
- 1000 м - кыздар (2011-2012 ж.т.);
- 1000 м - балдар (2011-2012 ж.т.);
- 1000 м - кыздар (2009-2010 ж.т.);
- 2000 м - балдар (2009-2010 ж.т.);
- 2000 м - балдар (2007-2008 ж.т.);
- 3000 м - кыздар (2007-2008 ж.т.);
- 4000 м - кенже курак (2005-2006 ж.т.);
- 6000 м - кенже курак (2005-2006 ж.т.);
- 6000 м - кыз-келиндер (2004 ж.т. жана андан улуулар);
- 8000 м - эркектер (2004 ж.т. жана андан улуулар);
- 3000 м - чоңдор жана ардагерлер.
Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы, "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.
