Кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт

Кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 7-ноябрь күнү Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата кросс боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты өтөт. Мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:

1000 м - кыздар (2011-2012 ж.т.);

1000 м - балдар (2011-2012 ж.т.);

1000 м - кыздар (2009-2010 ж.т.);

2000 м - балдар (2009-2010 ж.т.);

2000 м - балдар (2007-2008 ж.т.);

3000 м - кыздар (2007-2008 ж.т.);

4000 м - кенже курак (2005-2006 ж.т.);

6000 м - кенже курак (2005-2006 ж.т.);

6000 м - кыз-келиндер (2004 ж.т. жана андан улуулар);

8000 м - эркектер (2004 ж.т. жана андан улуулар);

3000 м - чоңдор жана ардагерлер.

Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы, "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.

04.11.2024 14:48:47