Америкалык көк бөрүчүлөр VI ДКОго катышуу үчүн Кыргызстанга келди
26 август

Америкалык көк бөрүчүлөр VI ДКОго катышуу үчүн Кыргызстанга келди

25-августта Бишкекке көк бөрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн АКШнын көк бөрү курамасы келди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, аларды Эл аралык көк бөрү ассоциациянын өкүлдөрү тосуп алды.

Команданын капитаны Ледд Фоувел баштаган курамада 9 оюнчу бар.

Алар Көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи өтө турчу Бишкек-Аренага барышты.

Курама бир күн Бишкекте болуп, 26-августа Чолпон-Атага аттанып, ал жерде окуу машыгуу өткөрөт.

АКШнын көк бөрү боюнча курамасы 2014-жылдан бери Көчмөндөр оюндарына катышат.