Нурахмад Сарыбаев III Өспүрүмдөр Азия оюндарында коло медаль тагынды
Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Нурахмад Сарыбаев эркин күрөш боюнча үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль жеңди.
Кыргызстандык балбан 51 кг салмак ченинде күрөштү.
Күрөш боюнча мелдештер Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өтүп жатат.
