Россия Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 250дөн ашык спортчу жөнөтөт
Россия Кыргызстанда жайдын аягында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 250дөн ашуун спортчуну жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн спорт министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин саммитинин жыйынтыгы боюнча маалым болду.
Жыйында спорт боюнча туруктуу иш алып баруучу жумушчу топ түзүлүп, ал өлкөлөр ортосундагы спорттук кызматташууну координациялай турган орган болот. Ошондой эле ШКУ оюндарынын өткөрүү регламенти макулдашылып, ага ылайык мелдештер жыл ичинде ар кайсы мамлекеттерде өтөт. Россия өз аймагында 10 спорт түрү боюнча 10 мелдеш өткөрөт.
Тараптар өзүнчө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук курама командалардын катышуусу боюнча да макулдашышты. Россиянын делегациясы учурда түзүлүп жатат жана эң ири курамдардын бири болот.
Мындан тышкары, Кыргызстан Россиядагы ЕКП сыяктуу эле ШКУнун спорттук иш-чараларынын бирдиктүү календарын түзүүнү сунуштады. Бул демилге саммиттин катышуучулары тарабынан колдоого алынды.
Жыйынтыгында спорттук кызматташууну өнүктүрүү өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган «спорттук дипломатиянын» бир бөлүгү катары каралары белгиленди.
