Бажы кызматынын капитаны пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болду
28 июль

Бажы кызматынын капитаны пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болду

Мамлекеттик бажы кызматынын капитаны Адилет Тилебалдиев Бишкек шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, зор жетишкендикке жетишти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Ал WPSO “Орус жим” (Русский жим) дисциплинасында 55 кг салмактан 75 кг чейин салмак категориясында күч сынашып, мыкты жыйынтык көрсөттү — 51 жолу кайталап, өз категориясында 1-орунду ээлеп, спорттун чебери наамына ээ болду. Спортчунун салмагы — 72,1 кг, көрсөткүчүнүн коэффициенти — 1990,00725.

"Жакшы даярдыгынын жана мүнөзүнүн бекемдигинин аркасында Адилет Тилебалдиев өзүнүн спортчу катары да, бажы кызматынын офицери катары да жогорку деңгээлде экенин тастыктады. Ал өз кызматын жоопкерчилик менен аткарып, ведомствонун спорттук жана коомдук иш-чараларына активдүү катышып келет", - деп айтылат билдирүүдө.