Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду
Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду.
76 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алгачкы беттештеринде казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Эльмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңди.
Ал эми финалдык чечүүчү беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынып, жеңүүчү болду.
