Чолпон-Атада оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө
3 апрель

Чолпон-Атада оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде бүгүн, 3-апрелде өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Салтанаттуу аземге "Ынтымак" олимпиадалык резевдеги  адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев, Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, федерациянын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

45 кг 

  • 1-орун Рамазан Эргешбаев (РСК);
  • 2-орун Арлен Дүйшөнкулов (Токтогул);
  • 3-орун Нургазы Шакенов (РСК).

49 кг

  • 1-орун  Эргали Күмүшбаев (РСК);
  • 2-орун Нурболот Шамшиев (Токтогул);
  • 3-орун Ислам Муратжанов (РСК).

55 кг

  • 1-орун Бехруз Юлчиев (РСК);
  • 2-орун Нурислам Суеркулов (Казарман);
  • 3-орун Далмир Таалайбеков (РСК).