Кыргызстанда фрирайд боюнча эл аралык турнир өтөт
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 2026-жылдын 15–17-январь күндөрү фрирайд боюнча турнир өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 15-январда Каракол лыжа базасында мелдешке даярдыктын алкагында коопсуздук техникасы боюнча машыгуулар жана окутуу сабактары өтөт.
Негизги заезддер 16-январда курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» курортунун аймагында уюштурулат.
Турнирге Кыргызстандан жана 20га жакын чет өлкөдөн келген спортчулар жана тоо лыжасына кызыккан ышкыбоздор катышат. Мелдештер төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
- башталгычтар,
- кесипкөй лыжачылар,
- аялдар.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу, экстремалдык спорт түрлөрүн өнүктүрүү жана жергиликтүү жана чет өлкөлүк спортчулардын тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.
