Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» футболдук турниринин экинчи күнү башталды
Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан салттуу «Мурас» достук футбол турниринин экинчи күнү башталды.
13-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады.
Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты.
Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери кирген команданын курамында ойноп жатат.
