Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-15) арасында өткөн мелдеш жыйынтыкталды
Бишкектеги Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде бүгүн, 3-апрелде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-15) арасында Ауэз Ордобаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Күн мурун башталган мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 253 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Экинчи күндүн жыйынтыгы:
41 кг
- 1-орунТариэл Искендербеков (Ак-Илбирс);
- 2-орун Амирхан Наркулов (Газпром);
- 3-орун Нурислам Токтогулов (РСК);
- 3-орун Арсен Асанкулов (РСК).
48 кг
- 1-орун Темирлан Асанов (РСК);
- 2-орун Тыныстан Анарбеков (Чүй);
- 3-орун Нурислам Усенов (Ысык-Көл обл);
- 3-орун Эрбол Минтуров (Ысык-Көл обл).
57 кг
- 1-орун Билал Камбаралиев (РС);
- 2-орун Арсен Шаршеналиев (РСК);
- 3-орун Хурайра Убайдиллаев (РСК);
- 3-орун Нурсултан Муратов (Ысык-Көл).
68 кг
- 1-орун Байназар Мамашарипов (Жалал-Абад обл);
- 2-орун Бакай Бердиев (РСК);
- 3-орун Нурэл Нурланбеков (Ак-Илбирс);
- 3-орун Элдияр Тургунов (РСК).
85 кг
- 1-орун Хасан Гасанов (Ак-Илбирс);
- 2-орун Эмир Анарбаев (Тайманбас);
- 3-орун Даниел Николаев (РСК);
- 3-орун Артур Сайпиллаев (РС).
Командалык жыйынтык:
- 1-орун РСК;
- 2-орун Ак-Илбирс;
- 3-орун Жалал-Абад облусу.
