U-17 дүйнө биринчилиги: Кыргызстандык беш балбан килемге чыгат
Грециянын борбору Афина шаарында бүгүн, 28-июлда кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө биринчилиги башталат.
Алгач грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгып, 48 кг, 55 кг, 65 кг, 80 кг жана 110 кг салмактык категорияларында күрөшөт.
Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар:
- Жанарбек Сейитов (48 кг),
- Альхам Абдирасулов (55 кг),
- Адилет Омурбеков (65 кг),
- Нурислам Өскөнбаев (80 кг),
- Умар Орманов (110 кг).
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.
Көңүл жубатуучу жана финалдык беттештер эртең болот.
