Акжол Махмудов футзал боюнча улуттук курама менен жолугушту
6 январь

Акжол Махмудов футзал боюнча улуттук курама менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын белгилүү спортчусу, Олимпиаданын байге ээси Акжол Махмудов футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Акжол Махмудов курама командага алдыда боло турган Азия Кубогуна ийгилик каалап, спорттогу жеке тажрыйбасы, даярдык жана мотивация тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

Акжол Махмудов – дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону, 23 жашка чейинки дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын байге ээси, Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси жана Кыргызстандын эки жолку чемпиону.

Белгилей кетсек, футзал боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 2026-жылдын 27-январь – 7-февраль күндөрү өтө турган Азия Кубогуна катышат.