Сезим Жуманазарова Ташкентте өткөн эл аралык PWL турниринде жеңишке жетти
Ташкентте күрөш боюнча PWL лигасынын кезектеги турнири өтүп жатат. Анда кыргызстандык спортчулардын катышуусунда алгачкы беттештер өттү.
59 килограммга чейинки салмак категориясында Сезим Жуманазарова Өзбекстандын өкүлү Лайлохон Собирова менен беттешип, 9:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, спортчулар бири-бирин жакшы тааныйт. Алар буга чейин эл аралык мелдештерде бир нече жолу беттешкендиктен, бул кармаш өзгөчө кызыгуу жаратты. Турнирдин алдында өткөн пресс-конференцияда Собирова Жуманазаровага улуттук кийим жана гүлдесте белек кылган.
Жалпысынан турнирдин алкагында 24 беттеш өткөрүү пландалууда. Ошондой эле килемге кыргызстандык балбан Акжол Махмудов да чыгары күтүлүүдө.
Турнир көрүүчүлөр үчүн кызыктуу профессионалдык форматта өтүп жатат. Түз эфирди WrestlingTV адистештирилген платформасы аркылуу көрүүгө болот.
