Дүйнө чемпионаты: Франция Мароккону 2:0 эсебинде утту
сүрөт: © Molly Darlington / Stringer / Getty Images Sport / Gettyimages.ru
10 июль

Дүйнө чемпионаты: Франция Мароккону 2:0 эсебинде утту

Франция курамасы 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Мароккону 2:0 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты. Беттеш 9-июлда АКШнын Массачусетс штатындагы Фоксборо шаарында жайгашкан Boston Stadium стадионунда өттү.

Биринчи таймда эсеп ачылган жок. 28-мүнөттө Франциянын капитаны Килиан Мбаппе пенальтиден гол киргизе алган жок — анын соккусун Марокконун дарбазачысы Яссин Буну кайтарды.

Экинчи таймда француздар басымды күчөтүп, алты мүнөттүн ичинде эки гол киргизишти. 60-мүнөттө эсепти Мбаппе ачса, 66-мүнөттө Усман Дембеле экинчи голду киргизди.

Бул Мбаппенин турнирдеги сегизинчи голу болду. Ал 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардирлер тизмесинде Лионель Месси менен теңелди.

77-мүнөттө Мбаппе жаракатынан улам оюн талаасынан чыкты, бирок өз алдынча басып кетти.

Франция дүйнө чемпионатынын жарым финалына катары менен үчүнчү жолу чыкты — буга чейин 2018 жана 2022-жылкы турнирлерде да бул баскычка жеткен. Эми француздар Испания – Бельгия жупундагы жеңүүчү менен ойнойт.

Буга чейин Франция менен Марокко 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында жарым финалда беттешкен. Анда да Франция курамасы 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.