Ислам шериктештиги оюндары: кыргызстандык Арууке Кадырбек кызы коло утту
Кыргызстандык балбан кыз Арууке Кадырбек кызы Сауд Аравияда өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль утту.
Ал 53 кг салмак категориясындагы таймашта 3-орун үчүн болгон беттеште Индонезия мамлекетинин балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
