Байге фонду 300 миң сом. Жалал-Абадда таяк тартыш боюнча турнир өттү
Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 34 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча турнир болуп өттү.
Мелдеш эректер арасында 70 кг, 90 кг жана 90 кгдан жогору салмак категориясында болду. Соңунда эркектер арасында 70 кг салмактагы жеңүүчүлөр:
- 1-орун - Уланбек Тургунбаев;
- 2-орун - Мирбек Койчуман уулу;
- 3-орун - Шергазы Сагындык уулу.
90 кг салмакта:
- 1-орун - Элдос Айтбаев;
- 2-орун - Жанарбек Турдушев;
- 3-орун - Өмүрбек Адиев.
90+ кг салмак категориясы боюнча:
- 1-орун - Абдел Эсенгулов;
- 2-орун - Дауд Орозбаев;
- 3-орун - Аяталло Кадиров.
Ал эми кыз-келиндер 65 кг жана андан жогору салмак категорияларында катышты.
65 кг салмакта:
- 1-орун - Эльза Абдыкадырова;
- 2-орун - Сауле Эгизбаева;
- 3-орун - Айбийке Кадыржан кызы.
65+кг жогоркулар арасында:
- 1-орун - Рамина Көчкөнбаева;
- 2-орун - Элдана Болотбекова;
- 3-орун - Самара Исламидин кызы.
Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Турнирдин байге фонду 300 000 сомду түздү.
