Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын капчыгында үч алтын бар
8 апрель

Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын капчыгында үч алтын бар

7-апрелде Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер өтүп, анда Кыргызстандык 3 спортсмен чемпион болушту.

Афтандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) алтын үчүн беттеште ирандык Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде жеңип, биринчи алтынды Кыргызстандын капчыгына салды.

Акжол Махмудов (77 кг чейин) финалда ирандык Али Оскоуну 3:3 эсебинде сапат көрсөткүчү менен утуп, экинчи алтынды алды.

Ал эми Асан Жанышов (87 кг чейин) ирандын өкүлү Холамреза Фарохисенджани 11:4 эсебинде утуп, үчүнчү алтын байгеге ээ болду.