Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттарга жооп берген футболдук база ачылды
22 октябрь

Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттарга жооп берген футболдук база ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа бүгүн, 22-октябрда, Чүй облусунун Орок айылында футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасынын ачылыш аземине катышты.

3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларын даярдоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал бардык эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт. Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.

Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаалары жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы (68 х 105 м) да бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы (75 х 115 м) да комплекстин аймагында орун алган.