«Барс» футбол клубу – 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын чемпиону
8-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын башкы чемпионаты 2025-жылкы Премьер-Лигасынын жыйынтыктоочу - 26-турунун борбордук беттештери орун алды. Аталган тур алкагында чемпиондуктун тагдырын чечкен «Барс» (Каракол ш.) – «Талант» (Беш-Күңгөй а.) беттеши Караколдун «Ынтымак Арена» стадионунда өттү.
Чемпионаттын 2025-жылкы дебютанты жана бирден бир лидери болгон «Барс» аталган беттеште 2-1 эсебиндеги жеңишке жетти. Ошентип, клуб капчыгында 61 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын лидери, 2025-жылкы Премьер-Лиганын женүүчүсү - Кыргыз Республикасынын чемпиону болду.
Коло байгенин ээси катары караколдук клубка КФБ тарабынан 70 000$ өлчөмүндөгү байге берилди.
Белгилесек, быйылкы жылы 14 клубдун катышуусунда орун алган чемпионаттын жыйнтыгы акыркы турга чейин созулуп, өзгөчө көрккө ээ болду. Сезон эртең жыйынтыкталып, анда Премьер-Лиганын дагы эки беттеши орун алат.
