Кыргызстандык спортчулар ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болду
9 февраль

Кыргызстандык спортчулар ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болду

Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасына дагы эки коло медаль алып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Биринчилик Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

ВП-6 көнүгүүсүндө (пневматикалык мылтык, жуп (микс) кыргызстандык спортсмендер жогорку тактыкты жана мыкты командалык ырааттуулукту көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева 3-орунду ээлеп, континенттик биринчиликтин коло байге ээлери болду.

Ошондой эле, пневматикалык мылтыктан ок атуу (Air Rifle) көнүгүүсүндө кыз-келиндер арасындагы командалык мелдеште да кыргызстандык спортсмендер 3-орунду багындырып, коло медаль тагынды. Команданын курамында Альбина Тулебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар.

Азия чемпионаты 2-февралдан 14-февралга чейин өтүп, мелдештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүүдө. Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортсмен катышууда.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан 16 спортсмен жана 3 машыктыруучу катышууда.