Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байге ээси болду
Ушул жылдын 6-8-февраль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык спортсмендери ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөттү.
Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи. Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.
Чемпионаттын экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду. Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.
Экинчи күндүн жыйынтыгы менен Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байге ээси болду.
