Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эки жолдоштук беттеш өткөрөт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жаңы башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги алдында сентябрь жана октябрь айларындагы алдыдагы ФИФАнын эл аралык терезелеринде эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Мальдив аралдарынын жана Ливандын улуттук курама командаларына каршы беттештер Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо төмөнкү тартипте өтөт:
28.09.2026 | 20:00
Кыргызстан — Мальдив аралдары
04.10.2026 | 20:00
Кыргызстан — Ливан
Мальдив аралдары менен Ливандын курама командалары 1-октябрда өз ара беттеш өткөрүшөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасы 21-сентябрда окуу-машыгуу жыйынын баштайт. Команда Бишкек шаарындагы «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында жайгашат.
Алдыдагы окуу-машыгуу жыйыны жана жолдоштук беттештер улуттук курама команданын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын маанилүү баскычы болот.
