ДКО2026: Хапсагай, гуштини милли камарбанди , гюлеш күрөш түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыгы
5 сентябрь

ДКО2026: Хапсагай, гуштини милли камарбанди , гюлеш күрөш түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыгы

Бүгүн, 4- сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү - гюлеш, гуштини милли камарбанди жана хапсагай боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Гюлеш боюнча жалпы 16 спортчу  күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - Мостафа Наджафи Калатехеи (Иран)
2-орун - Раван Мусаев (Азербайжан)
3-орун - Айбек Касманбетов (Кыргызстан)
3-орун - Зыямухаммет Сапаров (Түркменистан)

Гуштини милли камарбанди боюнча 20 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты. 
Байгелүү орундар:
1-орун - Фирдавс Юриев(Таджикстан)
2-орун - Азамжон Анваржанов (Өзбекстан)
3-орун - Кайратбек Тойчуев (Кыргызстан)
3-орун - Бегли Халмаммедов (Түркменистан)

Хапсагай боюнча 27 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун - Никита Хабаров  (Россия)
2-орун - Тусигэ (Кытай)
3-орун - Баатаржав Мунхбаяр (Монголия)
3-орун - Сардорбек Холматов (Өзбекстан)
Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 
1-орун - 100 миң сом
2-орун - 80 миң сом
3-орун - 50 миң сом.