Акжол Махмудов Азиянын төрт жолку чемпиону болду
7 апрель

Акжол Махмудов Азиянын төрт жолку чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов алтын медаль жеңип, Азиянын төрт жолку чемпиону аталды.

Ал 77 кг чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашты. Алгачкы беттешинде япониялык балбан Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда казакстандык спортчу Кахарман Киссыметов менен кармашып, 9:1 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда өзбекстандык Дониёрхон Накибов атаандашын 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Финалдык кармашта ирандык Али Оскоу менен күч сынашып, 3:3 эсебинде сапат көрсөткүчү боюнча жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.

Жыйынтыгында, Акжол Махмудов Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип, карьерасында төртүнчү жолу Азия чөлкөмүнүн чемпиону аталды.