Эржан Токотаев: Бирге-бир чыгуу пенальтиден да коркунучтуу
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Мальдив аралдары менен боло турган беттештин алдында футбол жана өзүнүн оюну тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.
Дарбазачы үчүн эмне коркунучтуу — атаандаштын бирге-бир чыгышыбы же пенальтиби деген суроого ал биринчи вариантты тандады.
Эгер ага Лионель Месси же Криштиану Роналду менен толук оюн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, Кыргызстандын курамасынын дарбазачысы Месси менен беттешүүнү тандай турганын айтты.
Ошондой эле Токотаев өзүнүн катасынан улам гол өткөрүп жиберген учурларда аны кантип кабыл аларын айтып берди.
«Мүмкүн болушунча тезирээк унутканга аракет кылам. Өзүмдү өчүрүп салгандай болом», — деди футболчу.
Алдыдагы Мальдив аралдары менен болгон оюн тууралуу сөз кылып жатып, дарбазачы рейтингде Кыргызстанга караганда төмөн турган атаандаштан олуттуу каршылык күтүп жатканын белгиледи.
«Конок катары алар чоң каршылык көрсөтөт деп күтүп жатам, анткени бул алар үчүн да бул жерде оор оюн болот», — деди ал.
Эржан Токотаев Кыргызстандын курама командасынын күйөрмандарына да кайрылды.
«Биз, өз кезегибизде, алар бизге арткан үмүтүн актоого аракет кылабыз», — деп белгиледи футболчу.
