Валерий Кичин: Кыргызстан азырынча Иран, Япония жана Түштүк Кореянын деңгээлине жетүү жолунда
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин басма сөз жыйынында команданын Иран, Япония жана Түштүк Кореянын курама командалары менен туруктуу түрдө атаандашуусуна эмне тоскоол болуп жатканын айтып берди.
Анын айтымында, бул өлкөлөрдө футбол системалуу түрдө канча жылдан бери өнүгүп келе жатканын жана Кыргызстан азыр кайсы баскычта турганын эске алуу керек.
«Биздин өлкөдө футбол абдан тез өнүгүп жатат, бирок биз дагы эле баштапкы этаптабыз. Эгер ушундай эле темпте өнүгүүнү уланта турган болсок, бул өлкөлөрдү кууп жетерибизге ишенем», – деди Кичин.
Ал айрым беттештерде Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын күчтүү командаларына атаандаштык көрсөтө аларын белгиледи.
Бирок муну дайыма жана бардык деңгээлде – жаштар курама командаларынан тартып улуттук курамага чейин – жасоо үчүн убакыт талап кылынарын айтты.
«Бул туруктуу процесс болуп, биз ар кандай деңгээлдеги курама командалар арасында, жаштардан тартып улуттук командага чейин атаандаша алышыбыз үчүн өлкөбүздө футболдун өнүгүү процесси дагы бир топ убакыт жүрүшү керек», – деп белгиледи футболчу.
Ошондой эле Кичин алдыдагы мелдеште команданын максаттары тууралуу суроого жооп берди.
«Минималдуу максат – тайпадан чыгуу. Максималдуу максат – тарыхтагы эң мыкты көрсөткүчүбүздү жакшыртып, мүмкүн болушунча алыска баруу», – деди ал.
