Башкы прокуратура
28 сентябрь
Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды
Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 2005-жылы мамлекеттик автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып, пайдаланылып келгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.
