Ошто болбогон эле концертке 2–4,5 миң сомдон билет саткан алдамчы кармалды
Ошто жарандарды алдап, пландаштырылбаган концертке билет сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ош шаарында 1989-жылы туулган, учурда ар кайсы даректе жашап жүргөн М.С. Ош шаарынын аймагында жабырлануучу жарандан “Өзбекстан Республикасынан эстрада жылдыздарынын концертин Ош шаарында уюштураарын, түшкөн каражатты бөлүшөөрүн” айтып алдап, 10 миН АКШ доллар акчасын накталай алып, убадасына турбай изин жашырып кеткен.
Андан сырткары, 2026-жылдын августунда социалдык тармактар аркылуу “2026-жылдын 26-сентябрында Ош шаарынын “Бабур” театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан чоң шоу концерт болот” деп жарнама кылып, ар бир билеттин баасын 2000-4500 сомдон сатып, жарандарды алдап качып кеткен.
Учурда арыз менен кайрылган жарандардын саны 9га жетти.
Учурда КРнын КЖКнын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы 19-сентябрда Ош шаарынын сотунда каралып, эки айга абакта кармоо чечими чыкты.
