Сүрөт ачык булактардан алынды
28 сентябрь
Новопокровкада №40 автобус үйдүн дубалын сүзүп алды
Новопокровкада №40 автобус үйдүн дубалын сүзүп алды.
Окуя 27-сентябрда саат 11:00 чамасында Кирпичная көчөсүнүн акыркы аялдамасында катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, №40 каттамда жүргөн Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу аялдамада токтоп жаткан учурда №70 үйдүн дубалын сүзүп алган.
Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок.
Жол кырсыгы каттоого алынып, учурда текшерүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары такталууда.
