Кыргызстан жана Япония туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги
28 сентябрь

Кыргызстан жана Япония туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Японияда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда туризм жана ишкердик жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган маанилүү жолугушуу өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында КР министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги Йошида Кейгого агенттиктин Япониядагы коомдук өкүлү — «Кыргыз Республикасынын Туризм элчиси» (Tourism Ambassador of the Kyrgyz Republic) кылып дайындоо чечимин расмий тааныштырды.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин буйругуна ылайык, Йошида Кейгого Кыргызстандын туристтик потенциалын Японияда жана эл аралык аренада илгерилетүүгө көмөктөшүү боюнча маанилүү милдет жүктөлдү.

Анын ишмердигинин алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Японияда жана эл аралык аренада илгерилетүүгө, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүгө, туризм тармагына инвестиция тартууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө көмөк көрсөтүлөт.