Кыргызстан 2028-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 сентябрь

Кыргызстан 2028-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) 2028-жылы өтө турган футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүү укугуна Кыргызстандын талапкерлигин Азия футбол конфедерациясына (АФК) расмий түрдө сунуштады.

Футзал боюнча Азия Кубогу — Азия континентиндеги эң маанилүү мелдештердин бири. Турнирге континенттин күчтүү 16 улуттук курама командасы катышат. Мындай ири эл аралык футбол мелдешти Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана футзалды, өзгөчө жаштар арасында, мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет.

Талапкерлик алкагында КФБ АФКнын эл аралык талаптарына жооп берген спорттук объектилерди, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган комплекстүү концепцияны сунуштады. Талапкерлик боюнча өтүнмө АФК тарабынан белгиленген бардык регламенттик талаптарга ылайык даярдалды.

АФК өкүлдөрүнүн Кыргызстандын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн жана турнирди өткөрүүгө даярдыгын баалоо максатындагы инспекциялык сапары 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөрүлүшү пландалууда.

Инспекциянын жыйынтыктары жана берилген документтердин негизинде 2028-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогун кабыл алуучу өлкө тууралуу акыркы чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу беттештерин үч жолу ийгиликтүү өткөргөн. Бул тажрыйба өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги футзал мелдештерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча тиешелүү тажрыйбасы бар экенин тастыктайт.