Кыргызстан Борбор Азияны бирдиктүү туристтик аймак катары илгерилетүүнү сунуштады
Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов Японияда өткөн Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында 9-министрлик тегерек стол жыйынына катышты.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, иш-чаранын катышуучулары айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, жоопкерчиликтүү туризм жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Эдуард Кубатов туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн, жаратылыш жана маданий мурастарды сактоонун, ошондой эле туристтик инфраструктураны өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда Борбор Азияны бирдиктүү туристтик аймак катары илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Кубатовдун айтымында, аймак өлкөлөрү туристтик потенциалын биргелешип илгерилетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Анын пикиринде, бирдиктүү туристтик продуктунун негизин көчмөн цивилизациясы, тарыхый-маданий мурас, тоо туризми жана Борбор Азиянын жаратылышынын ар түрдүүлүгү түзө алат.
Тегерек столго Филиппин, Иордания, Камбоджа, Япония, Грузия, Египет жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана туристтик ведомстволорунун өкүлдөрү да катышты.
Мамагенттиктен белгилешкендей, Кыргызстандын иш-чарага катышуусу туруктуу туризм жаатында тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик потенциалын таанытууга өбөлгө түздү.
