Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
28 сентябрь
Кыргызстандык суучулдар Япониядагы Азия оюндарынан кайтып келишти
Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Спортчуларды “Манас” Эл аралык аэропортунда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар, жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы ХХ Азия оюндарынын алкагында өлкө намысын коргоп, улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.
