Бажы кампаларынан жасалма товарларды сатуу: Бажы кызматы алдамчылар тууралу эскертти
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 сентябрь

Бажы кампаларынан жасалма товарларды сатуу: Бажы кызматы алдамчылар тууралу эскертти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен даярдалган, бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техникаларды сатуу тууралуу жалган маалыматтар камтылган жасалма видеоматериалдардын таралышы боюнча эскертет.

Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Бажы органдары товарларды сатуу менен алектенбейт.

Алдамчылар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлерде МБКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана кызмат орундарын колдонуу менен жасалма аккаунттарды түзүшүүдө. Алардын атынан жарандардын ишенимине кирүүгө жана аларды мыйзамсыз талаптарды аткарууга же акча каражаттарын которууга түрткөн жалган билдирүүлөр жана жарыялар таратылууда.

МБКнын жарандарды сак болууга, шектүү аккаунттарга, каналдарга жана топторго ишенбөөгө, жеке жана банктык маалыматтарын бербөөгө жана маалыматтарды расмий булактардан гана текшерүүгө чакырат.