Оштун Төлөйкөн айылында кичи футбол аянтчасы ачылды
Ош мэриясы
28 сентябрь

Оштун Төлөйкөн айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Жапалак айылдык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылында жаңы кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Аянтчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык Кеңештин депутаттары, айыл тургундары катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө жаш спортчуларды жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жаштарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга үндөдү.