III КМШ оюндары Бакуда өтөт
III КМШ оюндары Бакуда өтөт.
Бул жаш спортчулардын достугунун, биримдигинин жана спорттук духунун символу катары таанылат жана аймактагы эң абройлуу спорттук иш-чаралардын бири болуп калат.
2025-жылы өтө турган III КМШ оюндарында алты өлкөнүн өкүлдөрү катышат, учурда оюндарга катышуучу делегациялардын каттоосу уланууда.
Акыркы маалыматтарга ылайык, КМШ аймагындагы 7 өлкөдөн 1 659 спортчу спорттун 23 түрү боюнча мелдешке катышуу үчүн каттоодон өттү. Жалпы катталган катышуучулардын саны 2 385 кишини түзөт.
Алты өлкө команда катары спорттун топтук түрлөрүнө – футбол (U-16), 3х3 баскетбол жана волейболго катышарын ырасташты. Ошондой эле 100дөн ашык спортчу спорттун жекече түрлөрүнө, мисалы, күрөш, бокс, дзюдо жана таэквондо боюнча катталган.
Биринчи этапта КМШ өлкөлөрүнүн делегациялары гана катталат. Экинчи этапта КМШга кирбеген, бирок атайын чакыруунун негизинде катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары катталат. Жалпы 23 өлкөдөн болжол менен 5 500 катышуучу келери күтүлүүдө.
III КМШ оюндары 2025-жылдын 28-сентябрынан 8-октябрына чейин Азербайжандын жети шаарында – Гянджа, Евлах, Мингячевир, Габала, Шеки, Гөйгөл жана Ханкендиде өтөт.
