Бишкекте экстремалдык көчө спорт түрлөрү боюнча фестиваль өттү
2026-жылдын 18–19-июль күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экстремалдык көчө спорт түрлөрү федерациясы тарабынан Бишкек шаарынын Экстремалдык көчө спорт түрлөрү федерациясынын аймактык бөлүмү менен биргеликте, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин колдоосу астында экстремалдык көчө спорт түрлөрү боюнча фестиваль өткөрүлдү.
Фестивалга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиядан келген спортчулар катышты.
18-июлда «Ынтымак-2» паркындагы скейт-паркта BMX, скутер жана паркур боюнча мелдештер өткөрүлдү. Аталган дисциплиналар боюнча жалпы 70 спортчу күч сынашты.
19-июлда «Адинай» паркындагы воркаут аянтчасында воркаут боюнча чемпионат өттү. Сүйүүчүлөр категориясында 30 катышуучу өнөрүн көрсөтсө, кесипкөйлөр арасында 10 спортчу күч сынашты.
Фестивалдын өзгөчө көркүн аба гимнасттарынын көрсөтмө өнөрлөрү ачып, алар иш-чаранын катышуучулары үчүн чеберчилик сабагын да өткөрүштү.
Фестивалдын алкагында эки күн бою мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аутизм спектриндеги бузулуусу жана Даун синдрому бар балдар үчүн атайын программа уюштурулду. Алар үчүн ар кандай оюндар, көңүл ачуучу иш-чаралар, чеберчилик сабактары жана сынактар даярдалып, бардык балдар таттуу белектерге жана жагымдуу маанайга ээ болушту.
Фестиваль жаштар спортун өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга, көчө спортунун түрлөрүн колдоого жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган эстелик белектер менен сыйланышты.
