
Кармашып урушуу боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасы Дүйнө биринчилигине катышат
Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өтө турган Дүйнө биринчилигине катышат.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 11-14-октябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Өспүрүмдөр арасында (14-15 жаш):
- 41 кг Даниел Талантбеков;
- 44 кг Данияр Равильев;
- 62 кг Мухаммедали Момуналиев.
Өспүрүмдөр арасында (16-17 жаш):
- 52 кг Кудайберген Султанкулов;
- 57 кг Нурэл Алтынбеков;
- 62 кг Данияр Абдуманапов;
- 67 кг Руслан Исмаилов;
- 80 кг Адахан Касымалиев;
- +80 кг Надим Фаизов.
Жаштар арасында (18-23 жаш):
- 62 кг Алинур Алмазбек уулу;
- 73 кг Антон Слободянюк;
- 80 кг Арсен Шаймергенов.
Курама команда башкы машыктыруучу Урмат Токталиев, улук машыктыруучулар Алимжан Таджибаев жана Искендер Нарбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.