Айбаз Орозбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
4 октябрь

Айбаз Орозбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

3-октябрда Индонезиянын Ява аралында жайгашкан Богор шаарында самбо боюнча жаштар арасында дүйнө биринчилиги башталды.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 13 салмактык категорияда жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.

Кыргызстандык спортчу Айбаз Орозбеков күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак категориясында күч сынашып, үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Мелдештер 5-октябрга чейин уланат.