Кыргызстандык дагы эки балбан Монголиядагы мелдеште алтын утту
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ulaan-Baatar Open эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүдө.
Алсак, балбан Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак категориясында катышып, биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген.
Кыргыз балбаны чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Ал эми спортчу Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 10:6 эсебинде, экинчи айлампада монголиялык балбанды 9:1 эсебинде жеңген.
Жусупбеков чечүүчү беттеште индиялык балбанды 5:4 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, буга чейин балбан Раззак Бейшекеев ушул эле эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болгон.
Эске салсак, Раззак Бейшекеев өз салмагында жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталган.
