Раззак Бейшекеев Монголиядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Ulaan-Baatar Open эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Спортчу 67 кг чейинки салмак категориясында катышты.
Биринчи айлампада индиялык балбанды, экинчи айлампада түркиялык балбанды жеңген.
Эске салсак, Раззак Бейшекеев өз салмагында жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталган.
