КФБ кеңсесинде жеке футбол мектептери менен жолугушуу өткөрүлдү
Бүгүн 12-декабрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын техникалык директору Дайнис Казакевич Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке футбол мектептеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда жеке мектептерди КФБга каттоо тартиби, минималдуу талаптар жана балдар-өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү багыттары, анын ичинде кыздардын футболго тартылышы боюнча маселелер талкууланды.
Иш-чарага 15тен ашуун жеке футбол мектебинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуу алкагында КФБнын техникалык директору Дайнис Казакевич, аялдар футболу боюнча адис Светлана Кашуба жана элиталык- жаштар футболу боюнча менеджер Азамат Асанбеков өздөрүнүн презентацияларын сунушташты.
