Бишкекте кармашып урушуу боюнча ИИМдин кубогу өтөт
10 октябрь

Бишкекте кармашып урушуу боюнча ИИМдин кубогу өтөт

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Ички иштер министрлигинин кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей,Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган иш-чара 13-14-октябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү.

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97 жана +97 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Кубок Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы, Ички иштер министрлиги жана Кармашып урушуу федерациясы тарабынан уюштурулууда.