президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
20 июль
Баткен шаарында курулуп жаткан 10 миң орундуу стадион октябрда пайдаланууга берилет
Баткен шаарында 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Курулуш иштеринин жүрүшүнөн облус башчысы Мамыржан Рахимов кабар алды.
Учурда курулуштун негизги бөлүгу аяктап, 60 пайыз жумуш аткарылды. Курулушту ушул жылдын октябрь айынын аягына бүткөрүү пландалууда.
Жалпы аянты 10га аянтты түзгөн стадиондо футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчалары, 100 кишилик жатакана комплекси, 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот.
Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө заманбап шарт түзүлөт.
